Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарында белгисиз эркек адам журналист Марат Уралиевге ресторандагы куран окутууну видеого тартуу иштерине тоскоолдук жаратты.

Журналист АКИpress агенттигине билдиргендей, окуя Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан «Kaynar» ресторанынын жанында болгон.

«Белгисиз адам келип, мага сүрөткө тартууга тыюу салып, андан кийин тротуарда баспашым керектигин айтты. Ал күч колдонду», — деди журналист.

М.Уралиев окуяны түз эфир аркылуу көрсөттү. Видеодон алардын жанынан милиция кызматкерлери унаа менен өткөнүн көрүүгө болот. Журналист аларга кайрылганы менен милиция кызматкерлери токтогон эмес. Мындан сырткары кадрдан Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевди да көрүүгө болот. Карашев да башын жерге салып өтүп кеткен.

Эске салсак, бүгүн, 11-июнда Экс-депутат Өмүрбек Бабанов эжесине «Кайнар» ресторанына куран окуткан .