Кыргызтандын өкмөтү «Google» компаниясына салык киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда салыктын бул түрү иштелүүдө, сунуштар бар. «Россия, Өзбекстанда мындай салык киргизилген экен. Биз алардын тажрыйбасын изилдеп, сунуш киргизебиз», — дейт вице-премьер.