Бишкек шаарында курулуп жаткан үйдүн 10-кабатынан эркек адам кулап кетип каза болду. Бул тууралуу окуяга күбөлөр билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үй Масалиев көчөсүндө жайгашкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматы барды.

Кийинчерээк жергиликтүү жашоочулар билдиргендей, окуя бүгүн, 11-июнда саат 14:50 чамасында болгон. Кулап кеткен адам куруучу болуп иштеп жаткан. Анын коргоочу кийимдери болгон эмес.

Болжолдуу маалымат боюнча, объект «Сапфир» курулуш компаниясына таандык.

Ал эми Ленин РИИБдин маалыматы боюнча, окуя тууралуу билдирүү саат 14:51де түшкөн.

«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлдү. Күбөлөрдүн айтымында, куруучу — 1998-жылы туулган Ж.О. көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап кеткен. Ал алган жаракатынын кесепетинен ошол жерде каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.