Өлкө боюнча бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар өз убагында берилет. Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндө өткөн онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
«Мамлекеттик бюджеттин
кырдаалы оор болгонуна карабастан, социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу
үчүн күн сайын күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана
мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары
дагы бул иштер өз убагында төлөнүп берилет», —
деди Асрандиев.