Акыркы күндөрү коронавирустун симптомдору бар адамдар Бишкектин медициналык мекемелерине кайрыла башташты. Алар эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө базарга барышканын билдиришкен.

Буга байланыштуу «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо үчүн эки күнгө — 10-июндан 12-июнга чейин жабылган.
Ал эми 9-июнда «Ош» базарында коронавирус жуктурган учур катталды. Бул жердин ишин 15-июндан 17-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотуу пландалууда.

Дезинфекциялоо иштери Бишкек шаарынын башка базарларында да пландаштырылууда. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, кийинки аймак — «Аламүдүн» базары. Бирок качан жабылары азырынча белгисиз.