Түндүк Корея мамлекетинин Ички иштер министри Ли Сон Гвон КЭРД-АКШ ортосунда болуп өткөн биринчи саммиттен кийинки эки жыл аралыгында жүргүзүлгөн иштерди жыйынтыктап жатып, эки өлкө ортосундагы мамиледе эч кандай жылыш жок экендигин белгилеген.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын тарыхый жолугушуусу 12-июнда Сингапур шаарында болуп өтүп, анда Корей жарым аралын денуклеаризациялоо жана Пхеньян менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу тууралуу келишимдерге кол коюлган.

Ли Сон Гвондун айтуусу боюнча Сингапурдук саммит кандайдыр бир конкреттүү чараларды кабыл алууга жол ачкан жок. Пхеньян сүйлөшүүлөрдүн негизинде жетишилген башка убадалардын Вашингтон тарабынан аткарылышын күтүп отурса, АКШ администрациясы өзөктүк куралсыздандыруу боюнча КЭРД тарабынан эч кандай кадамдар болбогондугуна нааразы.