АКШ сенатынын Аскердик күчтөр боюнча комитети коргоо бюджетин 740 миллиард доллар өлчөмүндө калуусу үчүн добуш берди. Аталган мыйзам долбоору үчүн комитеттин 25 мүчөсү макул, ал эми эки мүчөсү каршы добуш берген.

Мыйзам долбоору үчүн сенаттын толук курамы дагы добуш бергенден кийин долбоор Өкүлдөр палатасы менен макулдашылат жана ушундан соң президент Дональд Трамптын кол коюусуна киргизилет.

Мыйзам долбоорунда каралган чаралардын ичинде Кул ээлөөчүлүк түштүктүн Жарандык согуштагы генералдарынын ысымдары менен аталган аскер базаларын башкача атоо сунушу дагы бар. Мындай сунуш сенатор Элизабет Уоррен тарабынан киргизилген жана ага айтылуу Жорж Флойддун өлүмү себеп болгон.