2019-жылы Кыргызстанда 1 миллион 313 миң адам жакырчылыкта жашаган, алардын 73,8%ы айыл тургундары. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле өткөн жылы республикада 17 жашка чейинки 660,8 миң бала жакырчылык шартында жашашкан.

Жакырчылыктын деңгээли керектөө чыгымдары менен эсептелет. Быйыл өлкөдө эсептөө 20,1%ды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,3%га аз. Жакырчылыктын деңгээли шаарларда 5,4%га, айыл жеринде 0,5%га төмөндөгөн.