Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
• Бишкек ш. – 4
• Чүй облусунда – 2
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 9 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.