Кыргызстанда 5-февралдан тарта коронавирусту аныктай турган 144 миң 646 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 866 изилдөө жүргүзүлүп, текшерилген анализдердин ичинен 37 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2166га жетти. Алардын ичинен 1668 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.