Бишкек шаарындагы обсервация пункттарында 2552 койко-орун, «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында 1300 койко-орун даярдалган. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча ӨКМ Башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов билдирди.

Анын айтымында, 25-февралдан бери бүгүнкү күнгө чейин 9000 адам обсервациядан өтүшкөн. Бардык обсервация пункттарында тийиштүү шарттар түзүлгөн.