Коронавирус менен ооруган 162 адам — Бишкек шаарынын 25 конушунун жашоочулары. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкектин борбордук бөлүгүндө катталды. Мындан тышкары 12-кичи райондо — 15 адам, Жал кичи районунда — 15, Аламүдүн-1 кичи районунда — 5, Фучик көчөсүндө 6 бейтап тастыкталды.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 610 адамга жетсе, алар менен 1 миң 279 адам байланышта болгон.