Кылмыш-кырсык

Аялдар жаш кызды сабап, таяк менен зордукташкан

Өзбекстандын Хорезм областынын Кушкуприк районунда бир нече аял кызды өз алдынча жазалашкан. Окуяны жанында турган киши видеого тартып алган.

Видеотасмада көрүнгөндөй, аялдар кыздын чачын кыркып аны таяк менен зордуктоого аракет кылышып, кызды башка бирөөнүн үй-бүлөсүн бузду деген айып менен жазалап жатышат. Тартып жаткан киши кызды урууга эч ким тоскоол болбой туруусун айтып жатат.

Окуя 9-июнда болгон. Мындай кордукка туш болгон кыз 20 жашта. Ал жазалап жаткан аялдын биринин уулу менен 2016-жылдан бери бирге жашап келген жана андан баласы бар. 

“Сен эмне үчүн менин уул-келинимдин жашоосун бузуп жатасың“,- деген кайын эне өзүнүн тааныш аялдары менен кызды кордогон.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Шохрух Гиясов окуя боюнча түшүндүрмө берди.

“Катышуучулар Кушкуприк районунун ИИБине камакка алынды. Күнөөкөрлөр мыйзам чегинде жазаланат”,- деди Шохрух Гиясов

Ошондой эле, жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады жана соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.

https://www.instagram.com/p/CBUmy9NpOzv/

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button