Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ал өзү фейсбук социалдык тармагы аркылуу билдирип, жеринде тартылган сүрөттү соцтармакка жүктөдү.

“Эч кимге тийишпей, Жаш гвардия менен ылдый кетип бара жаткам. Бир жигит келип эмнегедир менин унаамдын алдына кирүүгө аракет кылды. Ага туура эмес кылганын түшүндүрүп, сак бол дедим. Кечирдим”,- деп жазат мурдагы эл өкүлү.