Социалдык тармактарга аялынын моюнунан дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. үйүндө 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. кече 11-июнда 18:00 чамаларда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.