![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/04a18011-a9ed-4062-b2be-cfb5a971d821.jpg)
Коом
Швейцария COVID-19 ооруусу өрчүгөн бейтаптар үчүн аппарат тапшырды
12-июнда Швейцария каржылаган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 менен ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлорун тапшырды.
Долбоор 2 млн сомдон ашык суммага 32 кычкылтек концентраторун алды. Концентраторлор Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жана Нарын облусундагы территориялык ооруканаларга тапшырылат.
Кычкылтек концентратору деген эмне?
Кычкылтек концентратору — бул дем алуу системасында жабыркоосу бар бейтаптар үчүн кычкылтек терапиясын жасалуучу аппарат. Мындай аппарат COVID-19 оорусунун өрчүгөн (отушуп кеткен) бейтаптар үчүн өтө зарыл.