Казакстан акырындык менен эл аралык каттамдарды жандандырат. Бул тууралуу 12-июнда өлкөнүн Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Казакстан Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын келип чыгышын жана жайылышын алдын алуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын эске алуу менен, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) картасына ылайык эпидемиологиялык кырдаалдын деңгээлине карап, санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте, эл аралык каттамдар 2020-жылдын 20-июнунан баштап калыбына келтирилет. Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Таиланд, Грузия жана Японияга учуулар болоору күтүлүүдө.

Билеттерди сатуу авиакомпаниялардын сайттарында жарыяланган графикке ылайык жүргүзүлөт деп  айтылат маалыматта.