Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) директору Мырзабек Жыпаркуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл тутумун өркүндөтүү, ведомствонун ишмердигин санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.

ЭТКМИ директору Мырзабек Жыпаркулов бүгүнкү күндө субъектилерди текшерүүдө инспекция кызматкерлеринин коррупциялык тобокелдиктери менен байланыштарын азайтуу максатында ведомствонун ишмердигин автоматташтыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Ишкердик менен өз ара аракеттешүү боюнча бизнес процесстерди кароо жүрүп жатат. Адам факторун жана ишкерлер менен текшерүүчүлөрдүн түздөн–түз байланышын жоюу максатында көзөмөлдөөнүн айрым түрлөрү санарип форматта аралыктан иштөөгө которулат.

Бул үчүн ЭТКМИнин бардык маалыматтар базасы автоматташтырылат жана «Түндүк» тутумуна кошулат.

ЭТКМИ ишмердигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында техникалык эреже бузууларды каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштелип чыккан. Көзөмөлдүн бардык кыймыл-аракеттери онлайн режиминде жаздырылат жана коомчулукка жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө ведомствонун жаңы сайты иштелип чыгып жатат. Аны менен реалдуу убакытта тигил же бул объектинин курулушунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө болот.

Муну менен катар мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин реестри иштелип чыгууда, тигил же бул маселе боюнча жалпы өлкө жарандары кайрыла ала турган бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилүүдө, экологиялык жана техникалык ченемдерди бузгандарга айыппул салуунун электрондук тутумун киргизүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле Мырзабек Жыпаркулов курулуп жаткан объектилер, суу транспорттору, суу транспортторунун токтотмо жайларынын базалары, кооптуу өндүрүш объектилери, кооптуу өндүрүш объектилеринин техникалык түзүлүштөрүнүн электрондук реестрлерин түзүү боюнча этап-этабы менен иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Ал ишкердик субъектилери менен өз ара аракеттешүү бара-бара толугу менен санарип форматка өткөрүлөрүн баса белгиледи.