Өзүм үйдүн 3 уулдан кийинки жалгыз кызымын, ата-энем кадыр барктуу, инсандар. Чындыгында жашоого аябай шашылган экенмин, 5 жашымда мектепке барып 16жашымда мектепти бутурдум. Атамдын жолун жолдоп Юридикалык академияда окудум, 2-курсту аяктап, 18 жашымда аяш атамдын уулуна турмушка чыктым. Ал жигит менден 8 жаш улуу окууну Германияда бүтүрүп келген. Азыркы учурда 27жаштамын, 2 уул бир кызым бар. Жолдошум аябай жакшы инсан. Ичпейт, чекпейт, токтоо, экөөбүз 9жылдан бери жашайбыз. Бир дагы оозунан жаман сөз чыгарып же колу тийген эмес. Ар дайым мени жаш деп сыйлап жүрдү.

Үй-бүлөмдөгү көйгөйдүн баары мындан эки жыл мурда башталды. Балдарымды чоңойткондон кийин иштейин деп атам менен кайын атамдын жардамы менен адвокат болуп жумушка орношуп алдым. Ошол кезде бир кыз жардам сурап кайрылды. 21 жашта экен жигити күч колдонуп зордоп, кийин жигити ата-энеңе айтам деп коркутум жүргөн экен. Ата-энем билбесин деп анын айтканын аткарыптыр. Акыры чыдамы жетпегенде мага жардам сурап кайрылды. Биринчи жолу иштеп баштаганым үчүнбү өзүмдү көрсөткүм келди. Ал кызга колумдан келишинче жардам берип айтор 8 ай дегенде соттон жеңип чыктык. Ал бала абака кесилип учурда жазасын өтөп жатат.

Ал кыз мага келип ата-энем мени карабай койду дегенинен, ага жумуш таап бердим. Магазинден, ресторандан иштебеген жери калбады. 1-2 жума ашып барса 1 ай иштеп, же коллегалары менен урушуп кетет же шефи менен урушат айтор иштей албай койду. Акыры 1 жылдык контрагын алдын ала төлөп, менин үйүмдө жаша балдарымды карашып, жакшы акча төлөп берем деп чакырдым. Биз менен 2,5 ай жашады, ошол кезде жолдошум менен мамилесин билип калдым. Эч нерсе дебедим, эч нерсе кылбадым. Жөн гана өз алдынча жаша эми деп үйдөн чыгарып койдум.

Жолдошум ага үй алып бериптир. Экө чогуу жашашат. Жолдошума да эч нерсе дей албадым. Үйгө убагында келет, балдарыбызга жакшы көңүл бурат мамилебиз мурдагыдай. Болгону жашообузга ошол кыз кирди, анын айынан уруш-талаш деле болгон жок. Ал кыз менен алты айдан бери чогуу жашашат. Азыр боюнда бар. Бир жума мурда ал кыздын үйүнө ууру кириптир, күйөөмө «аялыңыз жөнөттү, мени көрө албайт, менден кызганат» деп айтыптыр. Ошонун айынан биринчи жолу үйүбүздө катуу уруш болду. Албетте кызганам, ким кызганбасын?

Мен эгер ал кызга бир нерсе кылам десем жаңы билгенде же боюнда болтурбай туруп кылмакмын. Боюнда бар аялга жамандык кыла тургандай төмөн адам эмесмин. Ошол күндөн бери жолдошум үйгө келе элек, мен жокто балдарыбызды көрүп кайра кетет экен. Бир жумадан бери өзүмдү аябай таштап жибердим.

Балдарыма да жакшы көңүл бура албай, бир гана бала караган эже карайт. Өзүм 3ту төрөсом да фигурамды калыбына келтирип, өзүмду карап жүрөм. Айтор күйөөмдүн көнүлүн калтырбай, ага жагыш үчүн баарын кылам. Азыр тамак жебей, кечке уктап, стресс болуп, өзүмдү таштап койдум.

Азыр кайненем жаныбызда, кайын журтум да аябай жакшы адамдар. Өз ата-энемдей көрөм. Алар да кызым деп жакшы көрүшөт. Кайненем күйөөң келсе үйгө киргизбей, балдарынды да корсотпой кой, өзү кечирим сурап жалдырап келет деп жатат. Кантсем? Ал кыздын жигитин түрмөдөн актап, чыгарып салсамбы деп да ойлондум. Бирок кантип ал нерсени кыла алам? Эмне кылышты билбей калдым…