Социалдык тармактарга аялынын моюнунан дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган.

Көп өтпөй Жалал-Абад ОИИБ аялга кордук көрсөткөн эркек кишинин өздүгүн жарыялап Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн кечке маал кордук көргөн аялдын уулу энесинен тизелеп кечирим сураган тасмасы жарык көрдү. Учурда окуянын чоо жайы иликтенип жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=PVF7UWyKHPU&feature=youtu.be&fbclid=IwAR16FcaZ0uwSpGUxeGJAM8mS7czpCwRosiVPH_gPfyvDbFP9z1zH0hJfK6Q