Пандемияга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы буга чейин эл топтолуп, той топурларды, Куран окутуу жана мааракелерди өткөрүүгө тыюу салган.
Бирок бул эреже бардык жерде эле сакталган жок. Айрыкча ордо калаада той-аштарга орун берилген фактылар арбыды.
Бүгүн, 12-майда Бишкектин Магистраль менен Баха кесилишиндеги кафенин биринде Куран окутуу болуп, ага 200дөй адам барган. Бул боюнча тийишттүү мамлекеттик адистер текшерүүгө алып, кафенин ээсине айып пул салды.