Россиянын  химиялык-технологиялар Университетинин окумуштуулары коронавирус пандемиясынын качан бүтөөрүн жарыялады. Алардын эсептөөлөрүнө ылайык, бул июль айынын аягында болот, деп жазылат «Коммерсант» гезити.

Адистер математикалык моделди иштеп чыгышты, ага ылайык эпидемиянын акырына чейин өлкөдө 524 миң адам жуктурулат. Ошол эле учурда, адистер региондордогу чектөөлөрдүн алынып салынышына байланыштуу COVID-19 таркатуунун жаңы толкундарын жокко чыгарышпайт.

Дагы бир божомолду Сингапур технологиялык жана дизайн университетинин адистери айтышты: алардын эсептөөлөрүнө ылайык, пандемия августтун аягында гана аяктайт.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда  9 миң жаңы  учуру аныкталды. Эпидемия башталгандан бери жалпы вирус жуккан адамдардын саны 500 миңден ашты. Аймактарда чектөөлөрдү алып салуу башталды.