Дональд Трамп АКШдагы бардык полициячылар шектүүнү колго түшүрүү үчурунда кандай кесиптик стандарттарга ылайык иш алып барышы керектигин көрсөткөн атайын буйрук чыгарганы жатат. Бул тууралуу Трамп 11-июнда Далластагы тегерек үстөлдө билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анын айтымында, бул буйрукта полициячылар колдоно турган тактикалар да камтылат. Ошондой эле социалдык кызматкерлерди тартип коргоо органдарынын катарына кошуу тууралуу да сөз болот.

АКШ президенти полициянын зомбулугуна жана расалык теңсиздикке каршы ири акциялардан кийин биринчи жолу тартип коргоо тармагын реформалоону көздөгөн сунушун жарыялап жатат. Ал демонстранттардын полициячылар арасындагы расизм тууралуу билдирүүлөрүн четке кагып, «бирин-серин жаман адамдар» үчүн бүтүндөй полицияны айыптоо туура эмес экенин белгиледи.

«Биз миллиондогон чынчыл америкалыктарды жөн жерден айыптай берүү менен алдыга жыла албайбыз, жараны айыктыра албайбыз», — деди Трамп.