Административдик сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Кыргызстандын өкмөтүнө каршы доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Валериан Вахитов билдирди.

Анын айтымында, бул  Жарандык процесстик кодексинин ченемдерин бузуу болуп саналат.

«Башында биздин арыз кабыл алынды, биринчи отурум 1-июнда өттү, бирок 12-июнда судья Чолпон Досмамбетова бизди кароодон баш тартты. Бардык документтерди бергенибизге карабастан, өкмөт БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткаруу механизмин сунуштоого жана Аскаровго кыйноолордун жана сот бийлигинин жабырлануучусу катары компенсация төлөп берүүгө милдеттүү экендигинин себептерин келтирдик.


Комитет Кыргызстандын бийлигин укук коргоочунун бошотулушун жана зарыл болгон учурда Азимжан Аскаровго келтирилген зыяндын ордун толтуруп, ишти кайра териштирүүгө чакыргандыгы эскертилди. Бирок бул талаптардын бири дагы аткарылган жок », — деди Валерьян Вахитов.