Бүгүн, 13-июнда Москва шаарынан 358 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келет. Учак Ош шаарына конорун Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
“Учакка отурган жүргүнчүлөрдүн арасында 2 жашка чейинки наристелери менен энелер – 63, улгайган 3 аял жана 229 кош бойлуу айымдар бар. Мындан тышкары бизнес-класстан өздөрүнүн каражатына билет сатып алган 4 мекендешибиз бар. Мекенге жөнөтүлүп жаткан жарандардын тизмеси элчиликтин алдында түзүлгөн штабдын жумушчу тобу тарабынан каралып, бекитилген.
Бүгүнкү күндө өлкөгө кайтууну каалаган
кыргыздар 6 миңден ашат. Мындай көп жаранды бир убакта учак менен камсыз кылуу
мүмкүн эмес. Мындан улам аптасына Москва-Бишкек жана Москва-Ош багытындагы эки
каттамды ишке ашыруу пландалууда”, – деп билдиришти мекеменин басма сөз
кызматынан.