Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев улуу муундагы аялдар арасында акыркы күндөрү илдетти жуктуруп алгандар көп каттала баштаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында  билдирди.

Министрликтин өкүлү улгайган жарандарга кайрылып, санитардык талаптарды сактоого жана мүмкүн болушунча өзүн-өзү изоляцияга алууга чакырды.

«Эгерде көчөгө чыксаңыздар, сөзсүз социалдык аралыкты сактоону, бет кап тагынууну жана антисептик колдонууну унутпаңыздар. Базарлардан, соода борборлорунан, коомдук транспорттон вирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Урматтуу жарандар, эпидемиологиялык абал начар шарттарда талаптарга кайдыгер мамиле жасабаңыздар.

Акыркы күндөрү улуу муундагы жарандарды той-аштарга сакалдуу деп чакырып жатабыз. Эл көп топтолгон жерлер кары-картаңдар үчүн кооптуу экенин эскерте кетейин. Эпидемиологиялык абал турукташканча ушул нерселерди токтото турсаңыздар», — деди министрдин орун басары.