Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевге коркутуу болгон деген маалыматты четке какты.

Мекеменин билдирүүсүндө,  Сыргак Кенжебаев эч кандай  нааразылык билдирген  эмес. Бөлөк камерага  которууга арыз түшкөн жок. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучу Кенжебаевдин ден-соолугуна байланыштуу эч кандай арыз-даттануулар болгон эмес жана алар арыз менен кайрылса, дароо медициналык жардам алаарын маалымдады.

Белгилей кетсек, Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Башкы прокурор Откурбек Джамшитовго, бизнесмен Сыргак Кенжебаевди тергөө изоляторунан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап берүү өтүнүчү менен кайрылган, анткени ал бала кезинен бери астма ооруусу менен жабыркап келген, эгер COVID-19 вирусу жуга турган болсо,  өзгөчө коркунучка туш болоорун айтышкан.  Ал эми ЖАМК дан, Сыргак Кенжебаев  башка  он чакты  кармалгандар менен бирге 24 чарчы метр камерада кармалып турганы билдиришти.