Экс-депутат Болотбек Шерниязов инсульт алып Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media басылмасы эл өкүлү Максат Сабировдун билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.  

Депутаттын айтымында, бир нече саясатчылар менен бирге Болотбек Шерниязовдон кабар алуу үчүн ооруканага барып, кирүүгө аракет кылганы менен аларды дарыгерлер реанимацияга киргизген эмес.

Белгилей кетсек, Болот Шер буга чейин эки жолу инсульт алган. 

Бул маалыматты мурдагы премьер-министр Темир Сариев да тастыктап, кечээ, 12-июнда Болотбек Шерниязов Магниттик-резонанстык томографиядан текшерүүдөн өткөндөн кийин комага түшүп калганын кабарлады. Кечке жуук анын абалы оор деп бааланган.