Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 12-июнда Имам Сарахси атындагы республикалык башкы мечитте жума намазын окуду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Пандемиядан улам дээрлик 2 айдан ашуун убакыттан бери окула элек жума намазына келген жарандар алгач бет тагынып, дене табы өлчөнүп, антсептикалык каражаттар себилген соң гана мечитке киргизилди. Андан соң сапта тургандардын аралыгы 1,5 метрди түзүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги көрсөткөн талаптар жана эрежелер так сакталды.

Мечитке келген жамаат алдында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кайрылуу жасап, Республикалык штабдын алгоритимине ылайык, мечитке келүүдөгү талаптарды, эрежелерди, тартиптерди так сактоого чакырды.

«Бардыгынын өзүнүн эрежеси, жол-жобосу жана тартиби бар. Адам баласы ооруканага түшүп, айыккандан кийин дароо эле бардык тамакты жей бербейт. Диета кармап, акырындык менен ден соолугу жакшы болгуча этап-этабы менен алдыга жылат. Ал дароо эле атты чаап мине албайт. Мурунку калыбына келгиче бир топ этияттык эрежелерди кармайт. Мамлекетибиз көрүп жакан комкордук жана сактык чаралары дал ушундай тартипте уланууда. Учуда кээ бир адамдар ооруга көңүл кош мамиле кылып, базарларда деле эл бет капсыз жүрөт деп салыштыргандар бар. Базар бизге үлгү алып келүүчү жай эмес. Биз тартиптүүлүктү, эрежелерге баш ийип, башкаларга үлгү болуучу сапатты көрсөтүшүбүз керек. Бардык нерсе акырындык менен өз ордуна келет. Андыктан бири-бирибизди туура түшүнүп, жардам берип, сабырдуулукка чакыралы» ,-деди Азирети Муфтий.