Эстрада ырчысы Бегимай Карабаева Баткен облусунун Бужум айылында кичи туулган мекенинде эс алуу менен катар айылдагы чарбачыылк жумушка дагы тартылды.
Бала чагын эскерген ырчы айылда чөп чаап, аны жыйып айтор эмне жумуш кылганын күйөрмандарына бөлүшүүдө.
“Менин бала кезим чоң ата, чоң энемдин үйүндө ушул бак арасында Бужум айылында Андрей көчөсүндө балалык күндөрүм кызыктуу өткөн. Мен чоңойгон жерге Бужумга кыздарым менен каникулда келип турабыз! Чоң энемдин тартып койгон каймагын , пөпөк канттарын уурдап жегеним эсимде. Бүгүн чөп оргонго жардамдашканы келдим, тердегенди айтпай эле коёюн”,-деди ырчы