Кылмыш-кырсык

Чүй облусунун Панфиловка айылында жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды

 Чүй облусунун Панфилов районундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Окуя кечээ, 12-июнда саат 18:00 чамасында болгонун Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус Чалдовар айылы тарапка бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай даракты сүзүп токтогон.

«Жол кырсыктын кесепетинен 2 жүргүнчү каза болуп, 4 адам жаракат алды. Алар ооруканага жеткирилди. Топтолгон материалдар Панфилов РИИБге өткөрүлүп берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button