Бүгүн,
13-июнга карата Ысык-Көл облусунунан коронавирус илдетинин жаңы 2 учуру катталды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги берген
маалымат жыйнда маалым болду.
Аймактык кабарчы жеринде тактаган маалыматка
караганда, алардын бирөө Каракол шаарынын тургуну. Ал 2017-жылы туулган кыз. Буга
чейин кыздын 1987-жылы туулган апасы жана 1950-жылы туулган чоң апасынан илдет табылган.
Ошондуктан калган үй-бүлө мүчөлөрүнөн анализ алынган. Кыздын апасы эжесинин үйүнө
барып келгенден кийин илдет табылган.