![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/06/104017722_3228477853862878_543736441556438975_n.jpg)
Коом
Бишкектеги бардык базарлар дезинфекцияланат
Бишкек шаарындагы бардык базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда эртең мененки онлайн жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Н.Үсөнбаевге «Орто-Сай» базарындагы сатуучудан коронавирус аныкталдыбы?» деген суроо берилди.
«Бул жерде «Орто-Сай» базары деп эле айтканга болбойт. Анткени соода борборлорунда да болуп жатат, базарларда ичинде иштегендер бар, базарларга баргандар бар. Ошол жерден жаңы чыккан учурлар бар. Ошон үчүн «Орто-Сай» базарын дезинфекция үчүн жапканга туура келди. Мындан тышкары башка базарлар да дезинфекцияланат», — деди ал.