Кылмыш-кырсык

Бишкекте «Керемет Банк» тонолду

Чак түштө эки белгисиз адам банкка кирип, тапанчасы менен коркутуп, кассадагы акчаларын тартып алышкан. Мунун баары эки мүнөттүн ичинде болгон. Тоноо көзөмөл камераларына түшүп калган.

Маалыматка караганда, кылмыш кечээ 12-июнда саат 13:00 чамасында «Керемет Банктын» филиалдарынын биринде жасалган.
Байкоо камераларынан алынган видеолордон кассирдин телефондо сүйлөшүп, бөлмөгө кирип, эшикти бекитип койгонун көрө аласыз. Ушул учурда беткапчан колуна тапанча кармаган, кара футболка кийген жаран кирген. Ал тапанчасы менен коркутуп жаткан мезгилде анын артында кароолчу пайда болот. Бирок , экинчи тоноочу жардамга келип, тезинен токмоктошуп, сакчыны полго отургузуп койгонун көрүүгө болот.


Анын жардамчысы алгач кире бериште туруп, андан кийин чуркап барып, банктын бардык кызматкерлерин бөлмөгө күч менен киргизет. Кара көйнөк кийип жүргөн адам сейфти ачып, баштыгына акча салып, эшикти жаап, кетип калышат.

https://www.instagram.com/tv/CBYOizvnsIJ/?igshid=m92qnvza6gem

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button