Чүй облусунун Аламүдүн районунда 14-июнь күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 1995-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин көлмөдөн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.