Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-июнь күнү саат 15:09да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Каду, Орток жана Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.