Сузак районунда моюнуна дөңгөлөк артылып, кордолгон аял жолдошун кечирип, аны бошотууну суранууда. Жабырлануучу тосмо арыз жазган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришкен.

Учурда тосмо арызга карабастан териштирүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин соттун чечими менен кордук көрсөткөн аялдын жолдошу 15 суткага камакка алынган.

Бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, элдин нааразы пикирин жараткан. Өкмөт дагы чечкиндүү кадамдарга барып, бул ишти дыкат көзөмөлгө алганы кабарланган эле.

Белгилүү режиссер Сүйүн Откеев өзүнүн соцтармактагы баракчасына кордук көрсөткөн аялдын тосмо арыз жазып чыгарышына карата коомчулуктун пикирин билип көргөн. Атайын сурамжылоо жүргүзүп, алардын басымдуу бөлүгү мындай окуялар көп катталып келгенин билдиришкен. Сурамжылоого жалпы 1200дөн ашууну катышкан.