Баткен Бужум автожолундагы унаа кырсыгынан 4 киши жабыркады

Бүгүн, 15-июнь күнү эрте мененки саат 8:30да Баткен Бужум автожолунун 3 чакырымында “Ваз 2107” автоунаасынын айдоочусу Портер үлгүсүндөгү автоунаанын каршысына чыгып, авто кырсык катталган.

“Ваз 2107” автоунаасында 2 адам болгон. Портер үлгүсүндөгү автоунаада да 2 киши болгон. Жалпы 4 киши ооруканага кайрылышкан.

Бул тууралуу Баткен областык ички иштер башкармалыгын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык учурда тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.