Коом өзгөрдү. Элдин талабы өсүп, талаптар жогорулап барат. Буга чейинки кыргыз тарыхындагы эки бийлик алмашуусу дал ушул президенттердин иш аракеттери жана алардын үй бүлөөсүнүн коррупциялык схемалардын негизинде элдин кысымы менен тактыларынан кол жуушкан.

Алыс барбай эле экс президент Атамбаевдин иш аракеттери бийликтен түшөөрү менен бети ачылып, мамлекетке суук кол салган командасы менен темир тор артында. Атамбаев азыр абакта жатып алып алып эмне деп ыр жазбасын, ар кандай билдирүүлөрдү таратпасын анын коррупцияга аралашкан иш аракеттерин эч качан тарых актабайт. Аны эл же бийлик эмес, карачечекей баласы Сейтек айтып, мамлекетти бир шоопур башкарганын ачык жар салды.

Азыркы бийликчи?.. Акаев, Бакиев, ал тургай Атамбаев доорунда да ар бир саясий кызматтын, мамлекеттик ишканалардын жетекчисин дайындоодо өз баасы бар эле. 200-500 миң доллар бериптир деген имиштер кочомо көчө аралап, ким кантип жумушка дайындалган тарыхын жадыбалдай жат билет элек. Жок эле дегенде президенттин аялы, балдары аралашыптыр деген маалымат тарап, коомчулукту будун чанга салчу. Азыр бул имиштер кан буугандай токтоду.

Ал тургай оппозиция да «Сооронбай Жээнбеков пара алып баланчаны кызматка коюптур» деген ушак айта алышпайт. Анткени азыркы президент коррупциядан алыс экенин билишет. Ал гана эмес президенттин аялы аралашып, тууганын кызматка киргизди, бир туугандары аралашып жатат деген пикир жок. Кыргызстандагы эки жолку бийликтин алмашуусу, Атамбаевдин абакка кириши дал ушул азыркы президент тарабынан демилгеленген коррупцияга курош деп билсек болот. 10-20 мин сом пара менен мамлекеттик катардагы кызматкерлерди кармап алып, кыйкырып «коррупция менен курошуп жатабыз» деген буга чейинки бийликтегилердин ал сөздөру суу кечпей турат. Айталы азыр министрлер, бүтүндөй мекеме жамаатары коррупцияга шектелип камалып кетип жатат.

Азыркы президент ал тургай коррупцияга келегенде принципалдуулугун көргөзүп, жалгыз досун да аяган жок. Болбосо Сооронбай Шарипович деле Атамбаевди жайына коюп, алдыдагы алты жылын санап отура берсе болмок. Анте албады. Мына ушул себептерден алып караганда азыркы президенттин бул күрөшүн коомчулук жалпы колдоого алганга милдеттуубуз…