Депутат Гүлшат Асылбаева: Фейк-маалыматтар эң актуалдуу көйгөйгө айланды, анткени элге маалыматтарды жеткирүүдө негизги канал социалдык тармактар болуп калды.

Депутат Гүлшат Асылбаева мындай пикирин Аялдар форумунун «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун онлайн талкуусунда баса белгиледи. Анын айтымында,  интернеттеги жалган маалыматтар элди жабыркатып, коомчулукта дестабилизация жаратып, паника кылып, толкундоолорго алып келет.

«Муну биз коронавирус пандемиясы маалында көрдүк. Бүгүнкү күндө фейк-маалыматтар элдин репутациясына эле эмес, коомдук пикирди манипуляциялоо менен компанияларга карата  соцтамактарга компроматтарды чыгарып, зыян келтирип жатышат. Акыркы мезгилдерде фейк-маалыматтар эң актуалдуу көйгөйгө айланды. Анткени, элге маалыматтарды жеткирүүдө  негизги канал социалдык тармактар болуп калды»,- дейт депутат Гүлшат Асылбаева.

Онлайн жыйындын жүрүшүндө Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусунан өтүп жатканына токтолду.  Документке ылайык, интернет сайттардын администраторлору өлкө мыйзамдарына карама-каршы келген эреже бузууларды алдын алуу боюнча контентти чектеши керектиги белгиленген. Ошону менен бирге алар юридикалык жана башка маанилүү маалыматтарды алуу үчүн аты-жөнү жана электрондук адресин сөзсүз түрдө көрсөтүшү керек.