2020-жылдын 25-майынан тартып, жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор каттамга чыккан учурдан тартып, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын Техикалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы, Транспорт жана жол министирлигинин кызматкерлери, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы жана санитардык-эпидемиологиялык инспексиясы менен бирдикте күн сайын жүргүнчү ташыган коомдук унаалар текшерилип, “Covid-19” илдетин жайылтпоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бүгүнкү күндө 1210 жүргүнчү ташыган коомдук транспорт текшерилип, автобекеттерде жана акыркы аялдамаларда айдоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол менен бирге жүргүнчү ташыган маршурттук таксилерде тийиштүү жабдыктар жана отургучтардын саны талапка ылайык келүүсүн жана айдоочуларда милдеттүү түрдө кол кап, бет кап, антисептик каражаттар болуусу эскертилүүдө.