Бээжин шаарына жакын жайгашкан Хэбей провинциясынын Баодин шаарындагы айыл чарба азыктарын дүңүнөн сатуучу ири базарда COVID-19 вирусунун күч алып жаткандыгынан улам шаарга аскердик абал киргизилди.

Баодин Кытайдын борбор шаары Бээжинге жакын жайгашкан жана бул эки шаардын адамдары ортосунда өтө тыгыз соода-сатык ж.б. карым-катыш орун алган.

Белгилей кетчү нерсе, Баодин шаарында 11 миллиондон ашык адам жашайт жана жана андан Бээжинге чейинки аралык 147 километр.