Бүгүн, 15 –июнь Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү.

Бугун, 15 –июнь күнү саат 09:30 да “Ала – Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республкасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын ​ эскерилет. Ага Күлүйпа Кондучалованын жакындары, ​ жалпы маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, куран окулуп, айкелине гүл чамбар коюулат. Күлүйпа Кондучалова 2013-жылы 93 жаш курагында дүйнө салган.

Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда мурдагы Пишпек уездинин, азыркы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жарык дүйнөгө келген. 1938-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Нарын облусундагы Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеген. Ошол эле облуста комсомол уюмунун катчысы, аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 1945-жылы Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

1948–1949-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары, 1947–1949-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө катчы, 1949–1952-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Андан кийин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун катчысы, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958-жылдан 1980-жылга чейин маданият министри болуп турган.

Ал СССР Жогорку Советинин (1954–1962) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1975) депутаты. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 1- даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар, “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен сыйланган.

Мундузбек Тентимишов “Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова” аттуу китебинде Күлүйпа Кондучалованын өмүр баяны менен бирге коом үчүн аткарган иштери тууралуу жазып, М.Шолохов, Ю. Гагарин, И. Ахунбаев, С. Кийизбаева, М. Рыскулов, М. Абдраев жана башка коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар менен болгон жолугушуулары тууралуу баяндаган.