Бүгүн, 15 –июнь Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Бул күнү “Ала -Арча” көрүстөндө ага куран окулуп, гүл чамбар коюулду.

Эскерүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, маданият тармагынын жоон тобу жана анын жакындары катышты. Ошондой эле, бул күнү “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата эскерүү күнү онлайн форматында өтүп жатат.

Күлүйпа Кондучалова 1920-ж. 15 — июнунда Пишпек уездинин (азыркы Чүй областы), Аламүдүн районунун, Кара-Жыгач айылында) төрөлгөн. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1938), Москвадагы жогорку партиялык мектепти (1945) бүтүргөн. 1938–1940-ж. Тянь-Шань (азыркы Нарын) областындагы Нарын районунун Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940–1943-ж. Кыргызстан ЛКЖС Тянь-Шань обкомунун секретары, Эл депутаттарынын Тянь-Шань областтык кеңешинин аткаруу комитетинде төраганын орун басары, Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунда лектор, Кыргызстан КП БКда лектор, 1945–1948-ж.

Кыргызстан КП Фрунзе обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, «Коммунист» журналынын редактору, Кыргызстан КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1948–1949-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары, 1947–1949-ж. партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө секретарь, 1949–1952-ж.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагасынын орун басары, 1952–1953-ж. Кыргызстан КП БКнын секретары жана аялдар арасында иштөө боюнча бөлүм башчы, 1953–1958-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958–1963-ж. Кыргыз ССР маданит жана тышкы иштер министри, 1963–1980-ж. Кыргыз ССР маданият министри, 1980–2003-ж. КРдин тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы.

СССР Жогорку Советинде Улуттар Советинин төрагасынын орун басары (1958–1962), СССР Жогорку Советинин (1954–1962) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1975) депутаты. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 1- даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп эсептелет.