Кыргызстан Дүйнөлүк банктан (ДБ) табигый кырсыктарга туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу жана мектептердин сейсмикалык абалын жакшыртуу долбоорунун негизинде кошумча иретинде 55 миллион доллар алды. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Кыргызстанга акча бөлүүгө макул болуп, каражат эмнеге сарпталары да айтылган.

Бөлүнгөн сумманын 27,5 миллиону грант катары берилсе, калганы насыя түрүндө алынмакчы (алты жылдан кийин 0,75 пайыз менен 38 жылга).

Табигый кырсыктарга туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу жана мектептердин сейсмикалык абалын жакшыртуу боюнча 20 миллион долларлык алгачкы долбоор 2018-жылдын май айында бекитилип, бир жылдан кийин ишке ашкан.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Болормаа Амгаабазар ДБ үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргызстандын премьер-министринин өтүнүчү менен «Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга кеткен күтүүсүз чыгым» компонентин ишке киргизген. Алгачкы долбоордо каралган мындай кырдаалга бөлүнгөн 9 миллион доллар коронавирус менен күрөшүүгө жумшалаары айтылган.