Бишкек шаарында карантин эрежелерин сактабаган ресторандар 1 айга жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Азиз Алымкулов шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын 15-июндагы отурумунда билдирди.

Ал элүүдөн ашык конокту бир учурда батырган ресторандар тууралуу сөз болуп жатканын тактады.

Ошондой эле ресторандар менен кафелерде конокторду имараттардын ичинде эмес, жайкы аянтчада гана кабыл алуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Бирок шаар бийлиги айтканы менен Ош жана Бишкек шаарында той-топурларды, Куран окуткандар күч алды. Атын атагысы келбеген кафенин администратордун айтымында, той ээлери бир ай мурун эле буйрутма берип койгонун жашырган жок.

«Той өткөрөт элем деген шаар тургундары азыр өтө көп. Алды бир айдын тигерегинде 300 адамдын катышуусунда үйлөнүү той өткөргөнгө буюрутма берип койду. Ошондой болсо дагы официанткаларыбызга бет кап кийгизип, кардарларды тейлеп жатабыз»,-деди ал.