Экс-вице-премьер-министр Камила Талиева, коомчулуктун көңүл борборундагы жагдай боюнча NazarNews маалымат агенттигине курган маеги.

—Камила эже, айрым эксперттер шайлоо болбойт деген ойлорун ортого сала башташты. Бирок, биздин сяасатчылар шайлоого катуу камынышып, биригип күчтүү партия, күчтүү альянс болууга аракет кылып жатышат. Абал өзгөрүп, кырдаал башка нукка бурулуп кетиши мүмкүнбү?

—Мамлекетте бир саясий оюн күн сайын күч алып бараткандай сезилет. Эмнегедир  баары бийликтин пайдасына карап, чечилип жаткандай таасир калтырат. Эксперттер да эки топко бөлүнүп калганы коомчулукка жашыруун эмес: бийликчилер бар, анан сырткы күчтөрдүн таасириндегиси бар дегендей.

Бийликте турган кишилер, депутаты, спикери баш болуп, шайлоо болбой калышы мүмкүн деген божомолду да жөн жерден эле айтышпаса керек. Себеби алар шайлоого карата “шарттар” ыңгайлуу болгон учурда гана, өздөрүнө комфорт аралча түзүлгөндө гана өткөрүүгө кызыкдар. Жанагы эксперттер да өйдө жактын ишараты менен иш тутушкандар.

Өздөрү каалаган партиялар түзүлүп, каалаган тизме тизилип, коомчулук чурулдабай турса гана тынч шайлоо өткөрүүгө уруксат берише турган болуп турат. Бийликке каршы күчтөр баары биригип кетсе, анда ар кайсыны шылтоолоп, белгисиз мөөнөткө жылдыра турушу да негизги вариант  болуп турат.

—Шайлоо деп атып карапайым элди бөлүп тындыкпы? Элдин ортосундагы ажырымды эл эмес, саясатчылар тереңдеттиби?  

—Албетте, азыр негизги маселе — мамлекетти сактап калуу, элди экономикалык, социалдык кризистен аман алып чыгуу башкы көйгөй болушу керек. Жеке амбицияларды жутуп, жеке кызыкчылыктан өлкө кызыкчылыгын өйдө коюу — ак жол. Саясатчылар биригип, шайлоо камын көрүп жатышат. Алар да бийликке өз күчтөрүн көрсөтүп, мына мен күчтүү, деп соодага түшүү үчүн да, кээ бири чындап бийликке тирешип, тиш кайрап турат.

Эл ичинде ажырымды күчөтүп, айгайлап, ар нерсенин башынан бир чыккан, сасык саясаттын өзүн ажырата турган мезгил келди. Эл алданбашы керек. Минтип отурсак, бизге сырткы душмандын деле кереги жок, өзүбүздү өзүбүз кордоп салабыз.

Булак: NazarNews.kg