«Эс алуу уланууда. Мухаммедкалый Абылгазиев ден-соолугуна кам көрүп жатат жана эч кайда кетүүгө камынбай эле», — деп билдирди премьер-министрдин пресс-катчысы Адилет Султаналиев 24.kg агенттигине.

Анын айтымында, ал өкмөт башчы качан жумушка чыккандыгы тууралуу белгилүү бир күндү айта албайт.

«Ал тергөө аяктаганга чейин жумушка чыкпай турганын билдирди», — деп кошумчалады Адилет Султаналиев. Тергөө иши бир нече айга чейин созулушу мүмкүн деген суроого: текшерүү иши аягына чыга элек деп жооп берди.

Эске салсак, өкмөт башчы 27-майда кыска мөөнөттүү өргүүгө чыккан. Андан кийин басма сөз кызматы ал бул ишти радио жыштыктары боюнча тергөө кысым көрсөтпөөсү үчүн, ошондой эле калыс тергөө жүрүшү үчүн жасагандыгын түшүндүрдү.

Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу жана УКМК Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Иштин алкагында бөлүмдүн мурдагы башчысы Наталья Черногубова кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызмат адамдары менен макулдашып уюлдук байланыш операторлорунун бирине стандарттык өзгөртүүлөргө байланыштуу мыйзамсыз лицензия алып бергени ачыкка чыккан. Башкы көзөмөл кызматы бул келишим мамлекетке олуттуу зыян келтирди деп эсептейт.Кийинчерээк, иштин алкагында УКМКнын кызматкерлери да кармалган.

Бүгүн «Ала-ТВ» ЖЧКнын башкы директору Артур Халдаровдун камакка алынганы белгилүү болду.