Бишкек шаарында акыркы убактарда коронавирус менен ооруган жарандардын саны кескин күчөдү. Мындан улам Мэрия карантиндин талаптарын так сактоо боюнча жарандарга, бир катар мекемелерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Түлөбаевдин айтымында, эгер шаардыктар Мэрия жана Республикалык штаб көрсөткөн санитардык сактык эрежелерди сактабаса шаарды жабууга аргасыз болушат.

«Акыркы эки күндө 98 адам ооруду. Айтсак жаман көрөсүңөр. Ишенбейсиңер. Көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да , чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы каттуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Маска кийип аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула. Укпасаңар ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз»,-деди Түлөбаев.