Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Радио жыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча өкмөттүн дарегине айтылган айыптоолордон улам тергөөнү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүү кызыкчылыгында жана тергөө органдарына кысым көрсөтүү боюнча айып тагууларга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетүү чечимин кабыл алгам. Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем. Бирок иликтөө иши соңуна чыга элек.

Бүгүнкү күндө өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта, өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда, мен өзүмдөн премьер-министр ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым. Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө жана жалпы кыргыз элине менин премьер-министр катары иш алып барган эки жылдан ашуун мезгилимде үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо жана экономиканын мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүү боюнча башкы милдеттерди аткара алды деп эсептейм. Өз ишимде мен ачык-айкын иш алып барып, жалпы ишке пайдамды тийгизүүгө аракеттендим жана келечекте да өз билимимди жана топтолгон тажрыйбамды өлкөнүн жана коомдун бакубаттуулугуна жумшоо мүмкүнчүлүгүм болот деп ишенем», — деп айтылат маалыматта.